• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Украинадан дагы 133 жаранын алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. 4-мартка караган түнү Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарына Украинадан үчүнчү эвакуациялык каттам келди. Учакта 133 адам болгон, арасында эки наристе бар. Балдардын жалпы саны – 20.

Аэропорттун маалымат кызматы кабарлагандай, Казакстан жарандарын Украинадан алып келүүгө жиберилген үчүнчү борт Польшанын Катовице шаарынан Нур-Султан убактысы боюнча саат 21:55те учуп чыккан. Учак Казакстандын баш калаасына түнкү 3тө конду.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул каттамда Кыргызстандын эки жараны да бар.

Казакстан согуш жүрүп жаткан Украинадан өз жарандарын алып келүүнү улантууда.

Биринчи эвакуациялык учак Алматы аэропортуна 28-февраль күнү кечинде конгон. Аны менен 175 казакстандык келген. 1-мартта Нур-Султанга келген бортто 124 казакстандык болгон.

Мекенине кайтып келүү үчүн казакстандыктар Киевден Львовго келип, Польша менен чек арада көп саатты алган кезекке турууга аргасыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий