• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстан Улуттук банкы: Теңгенин арзандашына антиорусиялык санкциялар таасир этүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Теңгенин кунун жоготуп жатышы — тышкы факторлорго байланыштуу. Бул тууралуу 16-октябрда казак өкмөтүнүн жыйынында өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев билдирди.

«Теңгенин алсызданышы тышкы факторлорго байланыштуу. Биринчиден, бул АКШ долларынын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн валюталарына карата бекемделиши. Экинчи фактор — антиорусиялык санкциялар катаалдантыла тургандыгы жөнүндөгү билдирүүлөр. Мындан улам жыл башынан бери орус рубли 15 пайызга төмөндөдү. Улуттук банк чектерди койбостон, эркин алмаштыруу курсуна багытталган саясатын улантууда», — деди Акишев.

Анын айтымында, жыл башынан бери валюта базарында теңгенин курсу 11,3 пайызга арзандаган.

Казакстандын Улуттук банкы тарабынан 16-октябрга карата белгиленген доллардын расмий курсу 369,98 теңгени түздү.

Пикир

Оставить комментарий