• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан Венгриядагы бокс турниринде жеңишке жетишти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Казакстандын бокс боюнча курамасы Венгрияда өткөн «Иштван Боскай мемориалы» эл аралык турниринде үч алтын, күмүш жана коло медель алып, жалпы командалык жеңишке жетишти. Мелдеш 7-10-февралда Дебрецен шаарында өттү.

Финалда 56 килограммга чейинки салмакта казакстандык мушкер Ильяс Сулейменов чехиялык каршылашы Мирослав Горолду жеңди. 64 килограмм салмакка чейин жаштар арасында Азия чемпиону Саматали Толтаев монголиялык Чинзориг Баатарсукту утуп алды. Асланбек Шымбергенов (69 килограмм) венгер мушкери Андрас Вадашты жеңди.

Турнирде күмүш медалды Айболды Дауренулы (91 килограмм), колону Абай Толеш (75 килограмм) алды.

Кезектеги 62-турнирге 23 өлкөдөн 158 мушкер катышты.

Иштван Боскайдын элесине арналган мелдеш Европада 1956-жылдан бери өтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий