• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан: вице-министр орой жообу үчүн журналисттерден кечирим сурады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Казакстандын Улуттук экономика министринин орун басары Серик Жумангарин орой жообу үчүн журналисттерден кечирим сурады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

13-февралда интернетке вице-министр журналисттердин суроосуна «кыжырыма тийбегилечи» деп жооп бергени тартылган видео жарыяланган.

«Журналисттерге орой жооп бергеним үчүн өкүнүп жатам. Ашыкча сүйлөп жибергенимди мойнума алам. Журналисттерден расмий түрдө кечирим сурайм. Аларды кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын», - деди Жумангарин.

Вице-министр журналисттерге орой жооп берген учурда ага тарифтер боюнча суроо берилген. Анда Жумангарин бул маселе парламентте каралганын айтып, жооп берүүдөн баш тарткан. «Бул жерде кичи жана орто бизнеске байланышкан иш-чара өтүп жатат.

Тарифтер жөнүндө кеңсеге келсеңер айтып берем. Кыжырыма тийбегилечи», — деген вице-министр. Анын бул жообу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган.

Пикир

Оставить комментарий