• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстан виза берүү тартибин жеңилдетүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Астана чет өлкөлүктөргө виза берүү тартиптерин жеңилдетүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

«Казакстанга келе турган чет өлкөлүктөргө чакыруу берүү мөөнөтү кыскартылды. Эми чакыруу — виза ала турган адамдын Казакстанга келээрине беш иш күн калгандан кеч эмес берилиши керек. Буга чейинки мөөнөт 14 күндү түзчү», – деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, эрежелерге киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр 1-июлдан тарта күчүнө кирет.

Мекемеден белгилешкендей, визасы бар чет өлкөлүктөр миграция органдарына каттоого туруудан бошотулат. Анткени алардын жашай турган жана жүрө турган жерлери чакыруу кагаздарында жазылуу болот.

Учурда 40тан ашык өлкөнүн, анын ичинде Европа биримдигине, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жарандары Казакстанга визасыз кирүү укугуна ээ. АКШ жарандары Казакстанда визасыз 30 күн жүрсө, БАЭ, Малайзия, Монако жана Сингапур жарандары 14 күн жүрө алышат.

Андан тышкары быйыл апрелден тарта казакстандын авиакомпаниялары менен транзит аркылуу үчүнчү өлкөлөргө саякаттаган Индия менен Кытайдын жарандарына Казакстандын аймагында 72 саат визасыз жүрүү укугу берилген.

Пикир

Оставить комментарий