• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө Өзбекстан менен бирге жаңы эл аралык соода аймагын жана “Түркстан” өткөрүү бекетин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу казак лидери Түркстан облусун өнүктүрүүгө арналган жыйын учурунда билдирди.

“Эл аралык “Борбор Азия” соода борборун түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү керек. Бул Түркстан облусу гана эмес өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жаңы дем берет. 2020-жылга карата Өзбекстан менен товар жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 5 миллиард долларга жеткирүүгө потенциалыбыз бар. Буга байланыштуу өкмөткө Түркстан облус акимдери менен бирге өзбек тараптын катышуусунда “Түркстан” эл аралык өткөрмө бекетин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырам”, – деди Нурсултан Назарбаев.

Казакстанда 2018-жыл Өзбекстан жылы деп жарыяланган. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 8,6% жогорулап, 2 миллиард доллардан ашкан. Быйылкы жылдын январь-июнь айларында Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 52% жогорулаган, ошол эле маалда өзбек экспорту 48% көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий