• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан өзбекстандык абитуриенттерге 10 миң гранттык орун бөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Казакстан Өзбекстанга жогорку окуу жайлардан 10 миң гранттык орун берди. Нурсултан Назарбаевдин чечими Самаркандда өткөн Казакстан билим күндөрүндө белгилүү болду.

Бүтүрүүчүлөр Казакстандагы университет, институт жана академияларда жеңилдетилген шарттарда экономика, техника, медицина жана гуманитардык багыттарда жогорку билимге ээ боло алышат.

Мындан тышкары жогорку билим жөнүндөгү дипломдорду эки мамлекетте тең тануу боюнча иштер жүрүүдө.

Быйыл Казакстанда Өзбекстан жылы өтүүдө.

Өзбекстан акыркы мезгилде Казакстан менен ар кыл тармактарда кызматташууну жандандырууда. Бул убакыт аралыгында эки өлкө ортосунда 62 миллион долларлык сегиз документке кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий