• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Казакстан Өзбекстанга мал экспорттоого тыюу салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Казакстандын Айыл чарба министрлиги тирүү мал-жандыктарды чет өлкөгө ташууга алты айга тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Чектөө бир жашка чейинки ургаачы музоолорго, бир жаштан өткөн букаларга, уй, кой жана эчкилерге тиешелүү.

Өзбекстан негизинен мал-жандыктарын Казакстандан сатып алат. Чек арадан мал алып өтүүгө тыюу салуу жөнүндөгү буйруктун долбоору жайында жарыяланган. Буга Өзбекстанда Фермердик чарбаларды өнүктүрүү программасынын алкагында элге башка өлкөлөрдөн мал сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя берилип жатканы себеп болгон.

Былтыр Казакстандан Өзбекстанга 50 000 ири мүйүздүү мал экспорттолгон. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 63 500гө жеткен. Казакстандын Айыл чарба министрлиги бул абалды кооптуу деп мүнөздөөдө.

Пикир

Оставить комментарий