• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан: Жаңыөзөндө жумуш талап кылган 11 киши суракка алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Казакстандын Жаңыөзөн шаарында акыркы күндөрү жумуш талап кылып акимчилик алдына чыгып жаткан 11 киши кармалып, сурак берди.

Укук коргоо кызматкерлери аларды үйлөрүнөн шаршемби күнү кечинде саат тогуздарда кармап кетип, полиция имаратында бир жарым сааттан ашык кармап турушкан. Кармалгандардын арасында аялдар менен улгайган адамдар дагы болгон.

Акыркы бир нече күндөн бери ондогон жумушсуз жаран шаар акимчилигинин имаратынын алдына чогулуп, ишке орноштурууну талап кылууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 13-мартта акимчилик алдына чогулган адамдарга полиция келип, алардын бул жыйыны «мыйзамсыз» экенин айтып, дагы келсе жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

11-мартта Жаңыөзөндө 50–60 адам шаар акимчилигинин алдына келип, жумуш таап берүүнү талап кылышкан. Алар өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин атына кайрылуу жазып, талаптарын Астанага чейин жеткирүүгө ниеттенип жатышканын билдиришкен.

Жаңыөзөндүктөр 150-200 миң теңге (400 доллардын тегереги) айлык акысы бар жумуш таап берүү талабы менен февралдын башынан бери нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

26-февралда Мангистау облустук прокуратурасы 23-25-февраль күндөрү шаарда «коомдук тартипти бузуу» айыбы менен 16 киши кармалып, беш суткадан жети суткага чейинки мөөнөттөргө камалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий