• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан жакында Кыргызстанга күйүүчү май ташый баштайт

Коом 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. Казакстан болжол менен февраль айынан баштап Кыргызстанга күйүүчү май экспорттоп баштайт.

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев 2018-жылдын аягында журналисттерге, 2019-жылы Кыргызстанга күйүүчү май экспорттой баштай турганын билдирген болчу.

«Биз кыргыз тараптын жообун алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыр макулдашылган келишимдин версиясын бардык мамлекеттик органдарга жөнөттүк. Эгер жаңы жылга чейин үлгүрүп калсак, январдын биринчи жарымында Кыргызстан менен тийиштүү келишимге кол коёбуз. Эгер кол койсок февралда бензинди экспорттой баштаганга мүмкүнчүлүк ачылат», – деген Бозумбаев.

Пикир

Оставить комментарий