• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан жакында Кыргызстанга күйүүчү май ташый баштайт

Экономика 0

Бишкек, 15.11.18 /Кабар/. Казакстан жакынкы айларда Кыргызстан менен Россияга күйүүчү май ташый баштайт. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев Астанада өткөн жыйында кабарлаган.

“Биз Россия менен болгон келишимдин алкагында күйүүчү май импорттоп келебиз, ошондой эле келишимге Кыргызстан менен кол коюлганда, биз нетто-экспортер өлкөгө айланабыз. Бул жакынкы айларда болушу мүмкүн", - деген министрдин сөзүн bnews.kz келтирет.

Андан тышкары Канат Бозумбаев, Казакстандын күйүүчү майынын запасынын көлөмүн айтты. Бүгүнкү күндө ал 352 миң тоннаны түзөт. Казакстандын күйүүчү майга болгон муктаждыгы толугу менен жабылган.

“Нефть азыктарынын баасы көп факторлордун басымы алдында турат. Бирок, өлкөдөгү нефть иштетүүчү заводдордо болгон модернизацияга байланыштуу өлкөдө муктаждык жок”, - дейт Бозумбаев.

Пикир

Оставить комментарий