• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстан жана КРнын товар айлантуу көлөмү 2017-жылдын 2 айында 41%ды түздү – Н.Назарбаев

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Казакстан жана Кыргызстандын товар айлантуу көлөмү 2017-жылдын 2 айында 41%ды түздү. Бул тууралуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген жыйынында Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын Россия жана Беларусия менен товар айлантуусу 50%га, Армения менен 3,5 эсеге өскөн.

Н.Назарбаев билдиргендей, ЕАЭБ түзүлгөн 3 жылдын ичинде көп иштер жасалган. Анын ичинде нормативдик база түзүлүп, артыкчылыктар аныкталды жана башка. Ошондой эле, Казакстандын Президенти уюм түзүлгөндөн берки дүйнөлүк конъюнктурага байланыштуу кыйын мезгилди белгиледи.

“Көп кооптонуулар жаралган, бирок алар ишке ашкан жок, каатчылык түбөлүктүү эмес, төмөн түшүүдөн соң өсүш болот. Көпчүлүк өлкөлөр экономикалык өсүшкө ээ болушту. 2017-жылдын акыркы 2 айына карата статистика өзгөчө оң жагдай жаратат. ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүү көлөмү 37%га, ал эми өз ара - 38%га өстү. Тоскоолдуктарды жоюнун үстүндө иштөө керек, ошондой эле, соода рыногун кеңейтүү үчүн инвестицияларды тартуу зарыл. Буга байланыштуу Кытай, Сингапур, Израиль жана башка өлкөлөр менен кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу шарт”, - деди Н.Назарбаев.

Мындан тышкары, Казакстандын Президенти өз ара көмөктөшүү жана колдоо зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий