• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстан жарым жылга дизель майын экспорттоого тыюу салат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Жыл аягына чейин Казакстан дизель майын экспорттоого тыюу салат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди.

«Азыр биз документ даярдап жатабыз. Ал боюнча тиешелүү мекемелер менен макулдашкандан кийин сайтка чыгарабыз. Андан кийин он күндөн соң документке кол коём. Ага ылайык декабрда дизель майын экспорттоого жарым жылга тыюу салынат», — деди министр.

Канат Бозумбаев буга Орусияда дизель майына болгон суроо-талаптын жогоруп болуп, мындан улам күйүүчү-майлоочу май коңшу өлкөгө чыгарылып кетип жатканы себеп экенин айтты.

«Орусия менен дизель майынын чекене баасынын айырмасы 60-70 теңге болууда. Бензовоз менен ташый берсең болот, чек ара ачык. Ошондуктан азыр качан тыюу салынары жана ага ким көзөмөл кылары боюнча чараларды даярдап жатабыз. Бизде башка альтернатива жок. Болбосо биздин өндүрүштөгү дизел майынын 192 теңгеден сатылып жаткан бир литри 250 теңге болушу керек», - деди Бозумбаев.

Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги Орусия менен чектешкен райондордо дизель майы менен бензинге болгон суроо-талап кескин жогорулаганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий