• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан: жазуучу Садыбек Тугел президенттикке талапкер катары катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда жазуучу Садыбек Тугелди президенттикке талапкер катары каттады.

Шайлоо комиссиясы Садыбек Тугел тапшырган документтердин бардыгы талапка жооп берет деп билдирди.

Буга чейин шайлоо комиссиясы Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президенттигине талапкер катары каттаган.

Эске салсак, 30 жыл башкарган Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган.

«Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий