• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстан жетим балдарга жардам берген америкалыкты депортациялоо ниетинде

Дүйнө 0

Бишкек. 07.05.19. /Кабар/. Америкалык Виктория Шарбон Казакстанда дээрлик 20 жылдан бери жашайт. Тараз шаарында ал жалгыз бой энелер жана жетим балдар үчүн кайрымдуулук фондун ачкан. Өлкөдө жашап турууга арыз жазган маалда котормодон ката кеткендигине байланыштуу эми депортацияланышы мүмкүн.

Сот аны күнөөлүү деп таап, беш күн аралыгында Казакстандан чыгып кетүүнү талап кылды. Ал беш жыл бою өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгүнөн дагы ажыратылды.

2010-жылы Виктория Шарбон кесиптеши Элизабет Тарнок менен Казакстанга келип, Тараз шаарында жетим жана майып балдар, жалгыз бой энелер үчүн “Камкор жүрөк” деген кризистик борбор ачкан. Учурда фонддун карамагында 36 бала бар. Виктория бул өлкөгө 2000-жылдардын башында эле социалдык жумушчу катары келип иштеп жүргөн.

2018-жылы Виктория Казакстанда жашап турууга укук берген документ алган. Декабрда ал Алматыдан Тараз шаарына кайра катталуу үчүн миграциялык кызматка арыз жазган. Документ орус тилинде болгондуктан, Виктория аны толтуруу маалында ката кетирип алган.

“Мурда туруктуу жашап туруу үчүн документ тапшырдыңыз беле” деген суроону “Мурда Казакстанда жашап туруу боюнча документ алдыңыз беле” деп түшүнүн, “жок” деп жооп берген. Бирок мурун ал Казакстанда туруктуу жашоо үчүн документ тапшырган, 2014-жылы бул өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Бир нече ай өткөндөн кийин миграция кызматкерлери документтен ката таап, Виктория Шарбонду сотко беришкен. Ал “Казакстандын мамлекеттик органдарына атайлап жалган маалымат берүү” беренеси боюнча айыпталууда. Адвокат Жангелди Сулейманов кылмыш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот Викторияны өлкөдөн депортациялоо боюнча чечим чыгарууга укугу жок болчу деп эсептейт.

Айыпталуучу тарап соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий