• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда 1,8 млн киши 42 500 теңгеден жардам алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Казакстанда карантин учурунда кирешесинен ажырагандарга төлөнө турган 42 500 теңге (100 доллар) көлөмүндөгү каржылай жардам 1,8 миллион адамга берилди.

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 28-июлга карата 2,2 миллион киши жардам алуу өтүнүчү менен арыз жазган. Анын ичинен 1,9 миллионуна жардам берүү чечими чыгып, 1 миллион 820 миңине акча которулган.

Буга чейин казак өкмөтү карантин чаралары кайра күчөтүлгөндөн кийин кирешесиз калган адамдарга жардам берилерин кабарлаган. Аны жумушчулар, жеке ишкерлер, өзүн-өзү иш менен камсыздагандар, фрилансерлер ала алат.

Жардам алуучулардын тизмесине пенсия же жөлөкпул, анын ичинде даректүү социалдык жардам алып жүргөндөр киргизилген жок. Арыз 1-сентябрга чейин кабыл алынат.

Күн мурун Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 3-августтан баштап карантин чаралары жумшартылышы мүмкүн экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий