• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда 1-ноябрдан баштап жети чоң трассада акы алына баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. 1-ноябрдан баштап Казакстанда республикалык маанидеги чоң трассалар акылуу болду. Эң чоң тариф жүк ташуучу унааларга киргизилген.

Маселен, Нур-Султан-Павлодар жолунда жеңил автоунаа ээлери бир доллар төлөшсө, жүк унааларынын айдоочулары 20 эсе кымбат төлөйт. Альтернативдүү жол жок.

"Жолго акы киргизүү – дүйнөлүк тажрыйбаны эске алганда, дурус чечим. Биз сыяктуу чоң өлкөлөрдө жолдорду жалгыз бюджеттин эсебинен сала берүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары Казакстан транзит аркылуу пайда табышы керек", - деген казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

Быйыл июнь айында казак бийлиги жолдорго акы төлөөнү киргизүүнү пландап жатканда, узак жолго жүк ташыган жүргүнчүлөр нааразылык акцияларына чыгышып, алгач жол сапатын жакшыртууну талап кылышкан. Алар жол боюнда кызмат кыла турган сервисттердин жоктугуна даттанышкан.

Жолдорго акы киргизүү аркылуу Казакстан казынасы канча киреше табары азырынча белгисиз. Кээ бир жерлерде акча төлөй турган терминалдар орнотула элек. Ошол себептен жолдорго акы киргизүү эки аптага жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий