• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда 11 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча автобус айдоочусу соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Жамбыл облусунун Кордай райондук соту быйыл апрелде болгон автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча өкүм чыгарды. Анда 11 адам каза болуп, 32си жаракат алган.

Соттун материалдарына ылайык, 20-апрелде жеңил унаа менен жүк унаасы кагышып, алардан буйтап өтүүгө аракет кылган автобус оодарылып кеткен. Кырсыкта Өзбекстан менен Казакстандын жарандары каза болгон.

Кордай райондук соту айыпталуучуну «Адамдардын өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга соттоду. Мындан тышкары ал жети жыл автоунаа айдоо укугунан ажыратылып, жабырлануучулардын фондуна 37 875 теңге (97 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Азырынча сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Пикир

Оставить комментарий