• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда 12 киши экстремизм шеги менен кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Улуттук коопсуздук комитетинин Түштүк-Казакстан облусу боюнча департаменти шаршембиде экстремизм шеги менен 12 жаран кармалганын билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча рейд учурунда Түркистан, Арыс, Кентау жана Шардара шаарлары менен Сузак жана Түлкибас районунун жашоочулары кармалды.

Кармалган жарандар “Социалдык түйүндөрдө экстремисттик маанайдагы материалдарды таркатууга” шектелишүүдө. Департамент алардын аттарын атаган жок.

Полиция маалымдагандай, Кылмыш кодексинин “Социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча тергөө иштери башталды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий