• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда 13 байланыш жана ТВ операторунун иши токтотулду

Дүйнө 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. KazSat-2 спутнигиндеги штаттан тышкары жагдайга байланыштуу Казакстанда 13 байланыш жана телеберүү операторунун иши токтотулду. Бул тууралуу Tengrinews.kz Республикалык космостук байланыш борборуна таянып билдирет.

Уюмдун маалыматы боюнча, окуя 2017-жылы 31-мартта Астана убактысы боюнча 08:22де болгон. Спутникти башкаруу убактылуу жоготулган. “Учурда Космостук байланыш борборунун адистери спутниктин ишин калыбына келтирүүнү тездетүүнүн бардык чараларын көрүп жатышат. Жасалып жаткан бардык иш-чаралар тууралуу кошумча маалымдалат”, - деп түшүндүрүштү борбордон.

Эскерте кетсек, буга чейин KazSat-2 спутнигиндеги штаттан тышкары жагдай тууралуу 2015-жылы маалымдалган. Анда бузулуунун себеби күндүн активдүүлүгүнүн жогорулашы себеп болгон. Окуя 30-июнда болгон. Мында да Казакстандын бир катар телеканалдарынын берүүсү токтотулган. Кийинки күнү ишин жандандырышкан.

Булак Tengrinews.kz

Пикир

Оставить комментарий