• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда 2,2 миллиондон ашык жаран 21 250 теңгеден жардам алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Казакстанда карантиндик чаралар 17-августка чейин узартылгандыгына байланыштуу 2,2 миллиондон ашык жаран эки жумага 21 250 теңгеден (50 долларга жакын) акчалай жардам алды. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Өткөн айда карантиндик чектөөлөрдөн улам кирешесиз калган 1,8 миллион жаран июль айы үчүн 42 500 теңгеден (100 доллар) жөлөк пул алганы кабарланган.

Казакстанда коронавирус жана пневмония менен ооругандар кескин көбөйгөнүнө байланыштуу 5-июлдан тартып экинчи жолу карантиндик чектөөлөр киргизилген. 14 күнгө киргизилген карантиндин мөөнөтү алгач 2-августка чейин, андан кийин 17-августка чейин узартылган.

Казакстандын өкмөтү май-март айларындагы карантин маалында 6,5 миллиондон ашык жаранга 42 500 теңгеден (100 доллар) жөлөк пул берген.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө лабораториялык жол менен коронавирус аныкталгандар 100 миңге жакындап, 1 269 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий