• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда 2 жаштагы кыздан коронавирус аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.20 /Кабар/. Казакстанда 2018-жылы туулган кыздан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлүнө таянып РИА Новости жазат.

Мурдараак министрлик билдиргендей, Казакстанда илдетке чалдыккандардын саны 10дон 13кө жеткен.

“Жаңы катталган учурлардын бири - 2018-жылы туулган кыз, ал 13-мартта Берлин-Минск-Алматы каттамы менен учуп келген. Кыз Алматыдагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды”,- деп билдирди Ахметшарип.

Ал эми илдетке чалдыккан жаңы эки учур - эркек кишилер болгон, алар Москвадан учуп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий