• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда 30га жакын дарыгер коронавирусту жуктуруп алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Казакстанда 30га жакын дарыгер коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргенин РИА Новости агенттиги жазат.

Учурда Казакстанда коронавирусту 453 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 29 адам айыгып чыккан, 3 киши каза болгон.

Министрдин айтымында, учурда 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

Белгилей кетсек буга чейин Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы, медицина кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган учурда аларга Мамлекеттик социалдык камсыздоо фондунан 2 млн теңге (4,5 миң доллар), ал эми каза болгон учурда 10 млн теңге (22,4 миң доллар) төлөнөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий