• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда 4-майдан тартып дүкөндөр менен чач тарачтар иштей баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Казакстанда 4-майдан тартып кичи жана орто бизнестеги ишканалардын көпчүлүгүнө иштөөгө уруксат берилет. Мындай чечим 29-апрелде өлкө премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы алдында өткөн Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, 4-майдан тартып ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

  • Аянты 500 чарчы метрден чоң болбогон азык-түлүк сатпаган дүкөндөр (17:00гө чейин иштейт);
  • сүрөт салондору;
  • гүл саткан жайлар;
  • чач тарачтар (жазылуу боюнча);
  • медициналык борборлор (жазылуу боюнча);
  • стоматологиялык клиникалар (жазылуу боюнча);
  • кыймылсыз мүлктөр менен иштеген компаниялар,
  • жарнама агенттиктери;
  • адвокаттар;
  • нотариустар;
  • микрофинансылык уюмдар,
  • камсыздандыруу компаниялары;
  • күрөөканалар;
  • акча алмаштыруу жайлары;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында иштеген компаниялар.

Мындан тышкары 4-майдан тартып Казакстандын жашоочуларына көчөдө спорт менен машыгууга уруксат берилет.

1-майдан тартып Нур-Султан — Алматы багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт. 4-майдан кийин бул эки шаардан Кызылордо, Петропавловск, Усть-Каменогорск жана Семей шаарларына учактардын учуусуна уруксат берилет.

Казакстанда 15-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылган. 19-мартта Нур-Султан жана Алматы шаарлары, андан кийин дагы бир нече ири шаар карантинге жабылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 3 миңден ашып, 25 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий