• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда айыл чарба жерлерин жеке менчикке берүү маселеси талкууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Казакстанда жер реформасы боюнча комиссия 25-мартта 2016-жылы Жер кодексине киргизилген мораторий шарттары жана чечилбей жаткан бир катар маселелерди талкуулады.

Айыл чарба министри Сапархан Оморовдун айтымында, айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүктөргө, жарандыгы жокторго, чет өлкөлүк компанияларга жана чет өлкөлүктөрдүн үлүшү бар компанияларга, эл аралык уюмдарга, чет өлкөлүк кандаштарга сатылбайт жана ижарага берилбейт.

Министр ушул тапта казакстандыктарга айыл чарба жерлерин жеке менчикке берүү сыяктуу мораторийге тиешелүү айрым маселелер чечилиши керек экенин белгиледи.

Министрдин айтымында, 2003-жылдан баштап Казакстанда айыл чарба жерлерин жеке менчикке сатып алууга же 49 жылга чейин узак мөөнөткө ижарага алууга мүмкүндүк берилген. 2015-жылы Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, казакстандыктарга айыл чарба жерлерин 49 жылга ижарага берүү мүмкүндүгү алынып ташталган.

Жер пайдалануучулар мамлекеттен айыл чарба жерлерин кадастрдык кунун 50% жеңилдик менен бир жолу же 10 жыл бөлүп төлөө шарты менен жеке менчикке сатып алууга милдеттүү болушкан. Бул түзөтүүлөр 2016-жылы мамлекет башчынын жарлыгы менен мораторийге киргизилип, тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Бул маселелер эми жер комиссиясынын отурумдарында каралууга тийиш.

Сенатор Акылбек Куришбаев айыл чарба жерлери жеке менчикке берилбеши керек экенин айтты.

12-мартта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев межилиске чет өлкөлүктөргө жер сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жөнөткөн. Токаев документти талкуулоо үчүн комиссия түзүүнү да тапшырган.

2016-жылы Казакстанда айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө сатууга жана узак мөөнөткө ижарага берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна коомчулук наарызы болуп, жапырт акцияларга чыгышкан. Буга байланыштуу ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев документке беш жылга мораторий киргизген. Анын мөөнөтү быйыл 31-декабрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий