• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда активист полиция имаратынан кулап, ооруканага түштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Оролдо кармалган активист Албек Ергазиев шаардык ички иштер департаментинин имаратынын үчүнчү кабатынан боюн таштап, ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү журналист Лукпан Ахмедьяров билдиргендей, анын ийини, кабыргалары сынган, башынан жаракат алган.

Анын айтымында, Орол шаарынын полиция кызматкерлери жарандык активист Албек Ергазиевди 16-февралда кармап кетишкен.

Батыш Казакстан облусунун полиция департаменти журналисттерге: “Ал жоопкерчиликтен качуу үчүн терезени ачып, төмөн карай секирип кеткен. Анын кесепетинен жаракат алган. “Тез жардам” кызматынын бригадасы менен шаардык көп тармактуу ооруканага жеткирилген”, деген маалымат таратты.

Активисттин туугандары 17-фервралда күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен Орол шаарынын прокуратурасына кайрылды. Аларга Албек Ергазиев менен жолугушууга уруксат берилген жок.

Албек Ергазиев 13-февралда Орол шаарынын акими эл менен жолугушуп жаткан маалда да кармалган. Ал жыйынга Казакстанда саясий реформаларды жүргүзүү, адилетсиз сотторду жазага тартуу талабы жазылган плакаттар менен келген. Тартип сакчылар активистти полиция бөлүмүндө үч сааттай кармап, андан соң бошотушкан.

Пикир

Оставить комментарий