• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстанда акыркы сутка ичинде 1 миң 353 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 353 кишиден табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 116, Алматы шаарында – 239, Шымкент шаарында – 25, Акмоло облусунда – 126, Актөбе облусунда - 30, Алматы облусунда - 119, Атырау облусунда - 10, Чыгыш-Казакстан облусунда – 58, Жамбыл облусунда – 23, Батыш-Казакстан облусунда - 12, Караганда облусунда - 139, Костанай облусунда - 83, Кызылорда облусунда – 11, Мангистау облусунда - 2, Павлодар облусунда - 213, Түндүк-Казакстан облусунда - 135, Түркстан облусунда – 12 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 931 миң 137 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий