• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда акыркы сутка ичинде 1 миң 686 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 686 кишиден аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 507, Алматы шаарында - 215, Шымкент шаарында – 103, Акмоло облусунда - 43 Актөбе облусунда - 35, Алматы облусунда - 33, Атырау облусунда - 73, Чыгыш-Казакстан облусунда – 70, Жамбыл облусунда – 36, Батыш-Казакстан облусунда - 101, Караганда облусунда - 278, Костанай облусунда - 42, Кызылорда облусунда - 28, Мангистау облусунда - 38, Павлодар облусунда - 33, Түндүк-Казакстан облусунда - 13, Түркестан облусунда – 38 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 419 миң 800 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий