• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда акыркы сутка ичинде 1 миң 878 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 878 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 186, Алматы шаарында – 485, Шымкент шаарында – 41 Акмоло облусунда – 96, Актөбе облусунда - 62, Алматы облусунда - 162, Атырау облусунда - 53, Чыгыш-Казакстан облусунда – 95, Жамбыл облусунда – 53, Батыш-Казакстан облусунда - 36, Караганда облусунда - 184, Костанай облусунда - 104, Кызылорда облусунда – 26, Мангистау облусунда - 10, Павлодар облусунда - 164, Түндүк-Казакстан облусунда - 71, Түркстан облусунда – 50 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 878 миң 990 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий