• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда акыркы сутка ичинде 2 миң 93 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 93 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 190, Алматы шаарында – 415, Шымкент шаарында – 43 Акмоло облусунда – 147, Актөбе облусунда - 58, Алматы облусунда - 254, Атырау облусунда - 129, Чыгыш-Казакстан облусунда – 128, Жамбыл облусунда – 55, Батыш-Казакстан облусунда - 39, Караганда облусунда - 304, Костанай облусунда - 107, Кызылорда облусунда – 32, Мангистау облусунда - 8, Павлодар облусунда - 183, Түндүк-Казакстан облусунда - 76, Түркстан облусунда – 25 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 864 миң 955 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий