• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда акыркы сутка ичинде 5 миң 648 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 5 миң 648 кишиден аныкталды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1549, Алматы шаарында – 885 Шымкент шаарында – 421, Акмоло облусунда – 175, Актөбе облусунда - 215, Алматы облусунда - 188, Атырау облусунда - 329, Чыгыш-Казакстан облусунда – 63, Жамбыл облусунда – 77, Батыш-Казакстан облусунда - 259, Караганда облусунда – 746, Костанай облусунда - 116, Кызылорда облусунда - 110, Мангистау облусунда - 208, Павлодар облусунда - 178, Түндүк-Казакстан облусунда - 95, Түркестан облусунда – 34 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 477 миң 754 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий