• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда акыркы суткада 1 120 адамдан COVID-19 табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 120 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 205, Алматы шаарында - 137, Шымкент шаарында – 40, Акмоло облусунда - 50 Актөбе облусунда - 20, Алматы облусунда - 55, Атырау облусунда - 63, Чыгыш-Казакстан облусунда - 88, Жамбыл облусунда - 32, Батыш-Казакстан облусунда - 86, Караганда облусунда - 173, Костанай облусунда - 35, Кызылорда облусунда - 18, Мангистау облусунда - 47, Павлодар облусунда - 37, Түндүк-Казакстан облусунда - 21, Түркестан облусунда – 13 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 399 миң 96 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий