• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 1 миң 445 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 445 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 506, Алматы шаарында - 181, Шымкент шаарында – 50, Акмоло облусунда - 33 Актөбе облусунда - 29, Алматы облусунда - 37, Атырау облусунда - 61, Чыгыш-Казакстан облусунда – 87, Жамбыл облусунда – 31, Батыш-Казакстан облусунда - 70, Караганда облусунда - 147, Костанай облусунда - 34, Кызылорда облусунда - 31, Мангистау облусунда - 41, Павлодар облусунда - 49, Түндүк-Казакстан облусунда - 25, Түркестан облусунда – 33 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 414 миң 712 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий