• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 1 миң 68 адамдан COVID-19 табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 68 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 294, Алматы шаарында - 112, Шымкент шаарында – 50, Акмоло облусунда - 32 Актөбе облусунда - 22, Алматы облусунда - 31, Атырау облусунда - 52, Чыгыш-Казакстан облусунда – 76, Жамбыл облусунда – 14, Батыш-Казакстан облусунда - 89, Караганда облусунда - 160, Костанай облусунда - 32, Кызылорда облусунда - 7, Мангистау облусунда - 21, Павлодар облусунда - 43, Түндүк-Казакстан облусунда - 14, Түркестан облусунда – 19 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 404 миң 64 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий