• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 1 миң 717 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 717 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 280, Алматы шаарында – 326, Шымкент шаарында – 28, Акмоло облусунда – 112, Актөбе облусунда - 46, Алматы облусунда - 120, Атырау облусунда - 39, Чыгыш-Казакстан облусунда – 99, Жамбыл облусунда – 16, Батыш-Казакстан облусунда - 45, Караганда облусунда - 149, Костанай облусунда - 96, Кызылорда облусунда – 14, Мангистау облусунда - 14, Павлодар облусунда - 163, Түндүк-Казакстан облусунда - 141, Түркстан облусунда – 29 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 905 миң 641 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий