• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 11 миң 340 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 11 миң 340 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 2 512, Алматы шаарында – 1 953, Шымкент шаарында – 180, Акмоло облусунда – 1 015, Актөбе облусунда - 317, Алматы облусунда - 354, Атырау облусунда - 486, Чыгыш-Казакстан облусунда – 290, Жамбыл облусунда – 202, Батыш-Казакстан облусунда – 372, Караганда облусунда – 1 866, Костанай облусунда - 265, Кызылорда облусунда – 124, Мангистау облусунда – 134, Павлодар облусунда - 980, Түндүк-Казакстан облусунда – 178, Түркстан облусунда – 112 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 157 миң 681 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий