• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда акыркы суткада 110 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясы 110 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 29, Алматы шаарында – 56, Шымкент шаарында – 7, Акмоло облусунда – 2, Алматы облусунда – 1, Атырау облусунда – 2, Жамбыл облусунда – 4, Караганда облусунда – 6, Павлодар облусунда – 1, Түндүк Казакстан облусунда - 1 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 306 миң 471 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий