• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда акыркы суткада 12 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 12 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 3, Алматы шаарында – 6, Чыгыш Казакстан облусунда – 2, Караганда облусунда - 1 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 305 миң 355 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий