• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 2 миң 252 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 252 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 249, Алматы шаарында – 510, Шымкент шаарында – 126, Акмоло облусунда – 45, Актөбе облусунда - 141, Алматы облусунда - 212, Атырау облусунда - 69, Чыгыш-Казакстан облусунда – 147, Жамбыл облусунда – 55, Батыш-Казакстан облусунда - 77, Караганда облусунда - 170, Костанай облусунда - 106, Кызылорда облусунда – 57, Мангистау облусунда - 16, Павлодар облусунда - 136, Түндүк-Казакстан облусунда - 78, Түркстан облусунда – 58 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 884 миң 886 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий