• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда акыркы суткада 253 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 253 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 15, Алматы шаарында – 80, Шымкент шаарында – 2, Акмоло облусунда – 7, Актөбе облусунда - 2, Алматы облусунда - 10, Атырау облусунда - 3, Чыгыш-Казакстан облусунда – 12, Жамбыл облусунда – 3, Батыш-Казакстан облусунда – 10, Караганда облусунда – 41, Костанай облусунда - 16, Кызылорда облусунда – 4, Павлодар облусунда - 15, Түндүк-Казакстан облусунда – 32, Түркстан облусунда – 1 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 303 миң 63 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий