• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстанда акыркы сутка ичинде 2696 адамдан коронавирус аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 696 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 471, Алматы шаарында - 667, Шымкент шаарында - 80, Акмоло облусунда - 98, Актөбе облусунда - 125, Алматы облусунда - 281, Атырау облусунда - 114, Чыгыш-Казакстан облусунда - 83, Жамбыл облусунда - 58, Батыш-Казакстан облусунда - 231, Караганда облусунда - 218, Костанай облусунда - 32, Кызылорда облусунда - 47, Мангистау облусунда - 65, Павлодар облусунда - 47, Түндүк-Казакстан облусунда - 29, Түркестан облусунда – 56 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 294 миң 946 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий