• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 3 миң 693 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 3 миң 693 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 978, Алматы шаарында - 535, Шымкент шаарында – 169, Акмоло облусунда – 140, Актөбе облусунда - 36, Алматы облусунда - 86, Атырау облусунда - 334, Чыгыш-Казакстан облусунда – 63, Жамбыл облусунда – 52, Батыш-Казакстан облусунда - 142, Караганда облусунда - 596, Костанай облусунда - 95, Кызылорда облусунда - 60 Мангистау облусунда - 141, Павлодар облусунда - 134, Түндүк-Казакстан облусунда - 55, Түркестан облусунда – 77 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 462 миң 417 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий