• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 3175 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 3 миң 175 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 915, Алматы шаарында – 767, Шымкент шаарында – 127, Акмоло облусунда – 104, Актөбе облусунда - 47, Алматы облусунда - 92, Жетысу облусунда – 123, Атырау облусунда - 73, Чыгыш-Казакстан облусунда –27, Абай облусунда – 48, Жамбыл облусунда – 94, Батыш-Казакстан облусунда – 56, Караганда облусунда – 355,Улытау облусунда – 30, Костанай облусунда - 59, Кызылорда облусунда – 81, Мангистау облусунда – 40, Павлодар облусунда - 66, Түндүк-Казакстан облусунда – 41, Түркстан облусунда – 30 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 341 миң 265 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий