• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 4 миң 106 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 4 миң 106 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 329, Алматы шаарында – 976, Шымкент шаарында – 150, Акмоло облусунда – 201, Актөбе облусунда - 222, Алматы облусунда - 330, Атырау облусунда - 127, Чыгыш-Казакстан облусунда – 201, Жамбыл облусунда – 79, Батыш-Казакстан облусунда - 124, Караганда облусунда - 549, Костанай облусунда - 178, Кызылорда облусунда – 92, Мангистау облусунда - 185, Павлодар облусунда - 229, Түндүк-Казакстан облусунда - 81, Түркстан облусунда – 53 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 828 миң 224 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий