• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 477 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 477 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 85, Алматы шаарында – 37, Шымкент шаарында – 9, Акмоло облусунда – 43, Актөбе облусунда - 3, Алматы облусунда - 16, Атырау облусунда - 8, Чыгыш-Казакстан облусунда – 27, Жамбыл облусунда – 3, Батыш-Казакстан облусунда – 17, Караганда облусунда - 45, Костанай облусунда - 51, Кызылорда облусунда – 3, Мангистау облусунда - 2, Павлодар облусунда - 51, Түндүк-Казакстан облусунда - 74, Түркстан облусунда – 3 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 984 миң 556 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий