• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 5 миң 317 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 5 миң 317 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1367, Алматы шаарында - 798 Шымкент шаарында – 470, Акмоло облусунда – 178, Актөбе облусунда - 159, Алматы облусунда - 126, Атырау облусунда - 293, Чыгыш-Казакстан облусунда – 87, Жамбыл облусунда – 53, Батыш-Казакстан облусунда - 204, Караганда облусунда - 689, Костанай облусунда - 103, Кызылорда облусунда – 127, Мангистау облусунда - 203, Павлодар облусунда - 170, Түндүк-Казакстан облусунда - 91, Түркестан облусунда – 176 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 494 миң 222 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий