• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 5 миң 466 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 5 миң 466 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 421, Алматы шаарында – 1 037 Шымкент шаарында – 40, Акмоло облусунда – 691, Актөбе облусунда - 195, Алматы облусунда - 232, Атырау облусунда - 48, Чыгыш-Казакстан облусунда – 183, Жамбыл облусунда – 58, Батыш-Казакстан облусунда – 115, Караганда облусунда – 729, Костанай облусунда - 453, Кызылорда облусунда – 20, Мангистау облусунда – 66, Павлодар облусунда - 803, Түндүк-Казакстан облусунда – 358, Түркстан облусунда – 17 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 238 миң 954 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий