• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 632 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 632 кишиден табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 102, Алматы шаарында – 66, Шымкент шаарында – 0, Акмоло облусунда – 69, Актөбе облусунда - 6, Алматы облусунда - 12, Атырау облусунда – 9, Чыгыш-Казакстан облусунда – 16, Жамбыл облусунда – 8, Батыш-Казакстан облусунда – 16, Караганда облусунда – 101, Костанай облусунда _ 71, Кызылорда облусунда – 4, Мангистау облусунда – 0, Павлодар облусунда – 77, Түндүк-Казакстан облусунда – 68, Түркстан облусунда – 7 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 975 миң 782 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий