• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 64 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 64 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 8, Алматы шаарында – 31, Шымкент шаарында – 1, Акмоло облусунда – 1, Актөбе облусунда - 0, Алматы облусунда - 4, Атырау облусунда - 0, Чыгыш-Казакстан облусунда – 1, Жамбыл облусунда – 1, Батыш-Казакстан облусунда – 0, Караганда облусунда – 1, Костанай облусунда - 2, Кызылорда облусунда – 0, Мангистау облусунда – 0, Павлодар облусунда - 1, Түндүк-Казакстан облусунда – 12, Түркстан облусунда – 1 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 304 миң 506 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий