• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 7 миң 479 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 479 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1571, Алматы шаарында - 1450 Шымкент шаарында – 445, Акмоло облусунда – 238, Актөбе облусунда - 230, Алматы облусунда - 270, Атырау облусунда - 424, Чыгыш-Казакстан облусунда – 298, Жамбыл облусунда – 197, Батыш-Казакстан облусунда - 198, Караганда облусунда - 1011, Костанай облусунда - 224, Кызылорда облусунда – 175, Мангистау облусунда - 220, Павлодар облусунда - 251, Түндүк-Казакстан облусунда - 145, Түркестан облусунда – 132 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 557 миң 107 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий